Нооруз – жаңынын башталышы.

Нооруз — деген сөз жаңы жыл, жаңы күн дегенди түшүндүрөт. Бул күнү күн менен түндүн узактыгы теңелип, жаңы жылдын күнү башталат. Дүйнө жаңырат! Байыркы чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000-жылдан ашуун айтылып келүүдө.

Нооруз-фарсы тилинде “Нов-жаңы, рус – күн дегенди билдирет. Ал бара-бара түрк тилиндеги элдерге төл сөз катары өткөн.

Элибиз бул майрамга өзгөчө маани беришет. Ошол убактан ага жалпы даярданып, тосуп алышат. Ноорузга катышпаган бир да адам калбайт. Сүмөлөк, чоң көжө бышырып, бири-бирине асыл тилектерди, мыкты каалоолорду айтышып, кызыл-тазыл кийинишет. Ноорузду кандай тосуп алсак, жыл ошондой өтөт деп бекем ишенишет элибиз. Ал бир айга созулуп, бул мезгил ичинде күнөө кылбоого аракет кылышат. Нооруз – жакшылыктын майрамы. Ал эмгектин да майрамы деп алас айтышат.

Добавить комментарий