3-март — МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ

Бүгүн, 3-март, Кыргызстан мамлекеттик Туу күнүн белгилѳѳдѳ. Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө таанытар эң белгилеринин бири – бул Мамлекеттик Туу.

Е.Б. Якирдин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинде улуттук майрамыбызды тосуп жатып, ушул рухий дөөлөт жөнүндө дагы ушул күнгѳ арналган онлайн сабактар, класстык сааттар ѳткѳрүлдү жана мамлекеттик гимн аткарылып, лицейдин директору Ю.Н.Низовский жана мугалимдердин катышуусунда Туубуз салтанаттуу кѳтѳрүлдү. Тууну 11-класстын мыкты бүтүрүүчүлѳрү кѳтѳрүштү.

Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Добавить комментарий