1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп дагы айтышат.
Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.
2021-жылы 19-20-февралда №61 АФММЛ ОКнде дагы ушул майрамды майрамдап, онлайн формасында окуп жатканыбызга карабай кыргыз тилчи Качкынова Ж.А., Орозалиева М.К., Токтогонова Ч,А., Усенова Ж. Ж. ж.б. мугалимдерибиз сабактарды, фестивалдарды, ар кандай иш чараларды ѳткѳрүштү. Окуучуларыбыз үйдѳ болушса дагы ата-энелеринин жардамы менен бул майрамга жоопкерчиликтүү катышышты.
Баарыңыздарды майрамдык куттуктоолорго кѳңүл бурабыз!

Добавить комментарий