№61 АФММЛ ОКнде 4-декабрь МАНАС эпосунун күнүнө арналган «ЖАШ МАНАСЧЫ» иш-чарасы өткөрүлдү.

МАНАС — кыргыз элинин баатырдык улуу эпосу.

4-декабрь күнү Кыргызстанда «МАНАС эпосунун күнү» майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси менен кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты — МАНАС эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө Манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү, жаш муундарга мурас катары даңазалоо.

Биздин мектеп дагы ушундай максат менен башталгыч класстын окуучулары арасында кыргыз тилчи мугалимдери өткөрүштү. Бул иш — чара онлайн формасында болсо дагы каалоочу окуучуларыбыз абдан арбын катышышты. Биздин мектепте жаш манасчыларыбыз өсүп келе жатышат.

Мугалимдерибизге жана окуучуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз.

Добавить комментарий