2019-жылынын 12-декабрында №61 Автордук физика-математикалык мектеп лицейинде УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ арналган иш-чаралар ѳткѳрүлдү.

Кыргыз адабиятына зор салымдарын кошкон залкар жазуучуларыбызды жана акындарыбызды эскерген күн болуп саналды. Кыргыз тили мугалимдери план боюнча сабактарды, тегерек үстѳлдѳрдү, маектешүү сабактарды, класстык сааттарды, диспуттарды, жолугушууларды ѳткѳрүштү. Окуучулар ар бир иш-чарага активдүу катышып, койгон максаттарына жетишти.

Бул күнү кыргыз тили сабактары Ч. Айтматовду эскеруу менен башталды. Ар бир кыргыз тили кабинеттеринде Ч. Айтматовго арналган бурчтар, кѳргѳзмѳлѳр уюштурулду. Балдардын аткарып келген иштери бааланды жана эң мыктылары Ч. Айтматовдун кабинетине коюлду.

Кыштобаева А.А. 8-В классында «Чыңгыз жана адабият» класстык саат ѳткѳрдү. Окуучулар материалдарды даярдап келишип,  бири-бири менен бѳлүшүштү. Алган маалыматтар боюнча анализ жүргүздү.

Уметалиева С.Р.  Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча мелдеш-сабагын ѳткѳрдү. Окуучулар суроолорго жооп беришти жана бири-бирин баалашты. Сабак жогорку деңгээлде ѳткѳрүлдү.

Абдыракманова М.К. Чыңгыздын чыгармасындагы балдардын образдары боюнча диспут-сабагы ѳткѳрдү.

Кошоева К.К. Улуттук адабият күнүнѳ арналган кѳргѳзмѳ уюштуруп, окуучулар кѳргѳзмѳ боюнча комментарий берип жатышты.

Башталгыч мектептедагы Ч. Айтматовдун туулган күнүнѳ арналган сүрѳт-сынагы уюштурушту. Кыргыз тили жана адабият мугалимдери ар кандай ыкмалар менен жемиштүү иш-чараларды ѳткѳрүштү.

Кыргыз адабиятына салым кошкон акындардын ырлары дагы жаңырды. Окуучулар кѳркѳм окуу сынактарына катышышты жана ырларды кыргыз тилине которуу боюнча сынактар болду.

Добавить комментарий