ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВдин 70 жылдыгына арналган кече

Тең элең Чолпон жылдызга, 
Уулдар аз сендей кыргызда! 
Эсинде калып элиңдин, 
Өчпѳйт го, аттиң, кыргызда! 

Его звезда горит, как прежде!

И не погаснут ей вовек!

В сердцах, в Театре и в надежде

Жив БАЗАРБАЕВ ЧОЛПОНБЕК!!!

22-октябрда 2019-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде СССРдин эл артисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВди эскерүү кечеси ѳткѳрүлдү.

Кыргыз балетин дүйнѳ жүзүнѳ тааныткан инсандын кѳзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Эскерүү кечебизге Чолпонбек Базарбаевдин жубайы Базарбаева Надежда Салчаковнаны конокко чакырганбыз. Лицейдин окуучулары Ч.Базарбаев жѳнүндѳ ырларды айтышты, инсанга арналган альбомдорун, дубал гезиттерин жактап беришти, эскерүү тасмасын кѳргѳндѳн кийин Надежда Салчаковна менен маектешишти. Окуучулардын кызыктуу суроолоруна Надежда Салчаковна орусча, кыргызча дагы жооп берди жана ѳсүп келе жаткан муундарга каалоо-тилектерин айтты…

Добавить комментарий