№61 АФММЛ ОКнде 5-март – АК КАЛПАК күнүнө арналган иш-чараларды кыргыз тили мугалимдери өткөрүштү.

Калпак — кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат.

Кыргызстанда жыл сайын 5 март ак калпак күнү деп белгиленет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016 жылдын 29 июндагы Токтомуна ылайык 5 март Ак калпак күнү деп жарыяланды. Токтомго ылайык жыл сайын 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип, тиешелүү иш чаралар өткөрүлөт.

Тилибиз барда — улут бар, маданиятыбыз барда — келечегибиз бар, ал эми  ак калпак барда — Кыргыз бар.

№61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинде ушул күнгө арналган иш-чараларды кыргыз тили мугалимдери даярдашты. Ар бир мугалим ак калпак жөнүндө сабактарды, класстык сааттарды жана окуучулардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн уюштурушту.

Кол өнөрчүлүк көргөзмө улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтөбүз деген максат менен уюштурулду.

Мектептин окуучулары жана ата-энелери менен бирдикте имштешип, көргөзмөнүн натыйжасы жемиштүү болду десек болот. Балдар абдан кызыгуу менен катышып, калпакты эмнеден жана кантип жасагандарын айтып беришти.

Таланттуу окуучулар  абдан көп экендиги бизди таӊ калтырды. Эӊ мыктысын тандап алуу мугалимдерге кыйынчылык жаратты. Калпакты окуучулар жалаӊ шурудан, мыктан, жиптен, камырдан, жыгачтан, гимпстен, кагаздан, күрүчтөн ж.б. материалдардан жасап келишти. Ар бир жумуш бааланууга татыктуу болду.

Добавить комментарий